Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:42

“Пегасус Азия” авиакомпаниясы Бишкек - Ош каттамын азайтты


Буга негизги себеп авиакомпаниянын карамагындагы учактардын бирөөнү колдонууга Орусия бийлиги уруксат бербей жатканы болууда. Бул тууралуу аталган компаниянын башкы деректиринин кеңешчиси Эрмек Өмүралиев “Азаттыкка” билдирип, Бишкектен Орусиянын Москва, Челябинск, Пермь, Красноярск шаарларына каттамдарды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Бишкек - Ош каттамын азайтууга мажбур болуп жатышканын кошумчалады. Өмүралиевдин айтуусунда Орусия каттамдарын тейлөө үчүн алынган “Боинг-737-800” учагына уруксат алуу маселеси орус бийликтери менен сүйлөшүлүүдө.

Түркиялык “Пегасус” компаниясы ээлик кылган “Пегасус Азия” авиакомпаниясы Кыргызстандын аба базарына өткөн жылда кирген. Алгач Бишкек - Стамбул багытында, жаңы жыл алдында Бишкек - Ош, апрель айынан тартып Бишкектен Орусиянын Москва, Челябинск, Пермь, Красноярск шаарларына каттай баштаган.

Бишкек - Ош багытында аба каттамынын баасы аталган компания рынокко киргенден тартып кескин арзандаган. Бул өз кезегинде атаандаш аба компаниялары тарабынан “Пегасус Азия” Кыргызстанда демпинг саясатын жүргүзүп жатат деген нааразылыктардын жаралышына негиз болгон.

Аталган авиакомпаниянын карамагында Бишкек - Стамбул багытында жумасына жети ирет каттаган бир, ошондой эле Ошко жана Орусияга каттаган эки учагы бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG