Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Aт спорту боюнча “Шериктештер кубогу” жыйынтыкталды


Бишкекте ат спорту боюнча “Шериктештер кубогу” эл аралык турнир үч күнгө созулду. Ага удаа эле дүйнө кубогунун экинчи этаптык мелдеши да өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев кабарлады.

Жеткинчектер арасында Тайсон аттуу аргымагын тоскоолдуктардан секиртип өтүүдө Өзбекстандын Саидамирхан Тургунбаевдин чеберчилиги жогору бааланды. Чеберлер арасында ат ойнотууда эл аралык спорт чебери, бишкектик Садыр Мамытов Куинтендро аттуу аргымагы менен баш байгени утуп алды. 130-140 см бийиктиктерден секиртүүдө өзбекстандык Окил Сабиржанов Камири тулпары менен айырмаланды. Командалык эсепте Өзбекстан биринчи, Кыргызстан экинчи орунду ээледи. Дүйнө кубогунун экинчи этабынын баш байгесин 1 метр 60 см бийиктиктен ойноп секирген Чарлз күлүгү менен бишкектик Ринат Галимов жеңип алды.

Үчүнчү чечүүчү этап июнь айында Казакстанда өтүп, жеңүүчүлөр финалдык мелдештерге жолдомо алат. Ат спорту мелдешине Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын чабандестери, саяпкерлери катышты. (КМа)

XS
SM
MD
LG