Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Индиянын жаңы премьери Пакистан өкмөт башчысы менен жолугушууда


Индияда жаңы шайланган премьер-министр Нарендра Моди (оңдо) Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен, 27-май, 2014
Индияда жаңы шайланган премьер-министр Нарендра Моди (оңдо) Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен, 27-май, 2014
Индиянын жаңы шайланган премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делидеги алгачкы иш күнүндө Пакистандын премьери Наваз Шариф менен сүйлөшүү өткөрдү. Моди менен Шарифдин жолугушуусу дээрлик бир саатка созулганы кабарланууда. Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу азырынча кабар жок.

Индия өкмөтүнүн башчылыгы 2008-жылкы Мумбаи чабуулунан бери пакистандык лидерди алгачкы ирет кабыл алып отурат. Пакистандык согушкерлердин ал чабуулунан 166 адам набыт болгон.

Индияда жаңы эле премьерликке шайланган Модини болсо көпчүлүк пакистандыктар Гужарат штатынын министри болуп турганда 2002-жылы мусулмандарга чабуулду тымызын колдогон деп күмөн санашат. Ал кыргында кеминде 1000 адам өлгөн. Индия менен Пакистан ондогон жылдардан бери Кашмир аймагын талашып, анын айынан үч ирет согушкан.

XS
SM
MD
LG