Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Акматбек: Соода эркиндигин жоготуу – экономика эркиндигин алдыруу


Мындай пикирин “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” төрагасы Руслан Акматбек “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү менен соода эркиндиги чектелет, каалаган өлкөлөрү менен ээн-эркин соода кыла албайт, бул деген өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын жоготуусуна алып келет:

- Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстанда жабыр тартуучу тармак – ишкерлик. Анын ичинен өзгөчө орто жана кичи ишканалар Казакстан менен Орусиядан айырмаланып, мамлекеттен эч кандай колдоо көрбөйт, ошондуктан, Бажы биримдигине кирүүбүз менен биздин жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өндүрүш токтойт.

Бүгүн Астанада өтүп жаткан жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча "жол карта" бекитилди. Ошондой эле түзүлө турганы жөнүндөгү келишимге бүгүн кол коюлган Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын да кириши боюнча сүйлөшүүлөр башталганын жарыяланды. Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев "Бажы биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн ойлонулган чечим жана экономикалык саясаттын маанилүү багыттарынын бири" деп айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG