Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Пакистан полициясы Мухаммед Икбалды камакка алды


Аялы таш бараңга алынып өлтүрүлгөн пакистандык жаран биринчи аялын төрт жыл мурда өзү тындым кылганы ырасмий маалымдалды.

Фразана Парвинди 26-майда атасы, агалары баш болгон туугандары Лахор шаардык сотунун алдында "биз каалабаган эркекке - Мухаммед Икбалга чыктың" деп таш бараң кылып өлтүрүшкөн. Бул окуя жана полициянын аялга жардамшпаганы Пакистандагы ар-намыс үчүн өлтүрүүлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурган.

- Полиция мунун баарын жанында карап тамаша кылып турду. Мен өкмөттөн адилеттикти талап кылам, - деген Мухаммед Икбал 29-майда “Азаттык” радиосуна.

Полициянын айтымында, Икбал 2009-жылы биринчи зайыбы Айша Бибини өлтүргөнү үчүн камакка алынган.

XS
SM
MD
LG