Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкекте тамекини таштоо күнү белгиленди


Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштургандардын бири Елена Черникова билдирди.

Эл аралык тамекини таштоо күнүнө карата өткөн иш-чаранын жүрүшүндө 6 метрлик тамекинин муляжы өрттөлүп, 6 чакырымга массалык чуркоо уюштурулду.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун башчысынын орун басары Акпай Сарыбаевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында тамеки тарткандардын саны кескин өскөн. 13 жаштан 15 жашка чейинки эркек балдардын 26 пайызы жана кыздардын 11 пайызы бир жолу болсо да тамеки даамын татып көргөндөр. (SA/UEz)

XS
SM
MD
LG