Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Москвада кумсалардын акциясы үзгүлтүккө учурады


Москвада полиция кумса активисттердин акциясында эки аялды кармап кетти.
Быйыл «Евровижин» ыр сынагында баш байгени жеңип алган австриялык сакалчан трансвестит Кончита Вурстка арнап, Орусиянын баш калаасында жыйын өткөрүүгө келген активисттерди полиция тез эле кууп таркатты.

Жыйындын башталышында дарыгер, ЛГБТчылардын укугун талашкан Ольга Мазурова журналисттерге "Эч ким генетикага тыюу сала албайт. Булар ушундай болуп туулган, туулуп жатат, туула да бермекчи. Аны таркатууга эч кандай үгүт-насаат жардам бере албайт. Гомосексуализм жаратылыштан болот, бул адамдын генетикасындагы нерсе", - деди.

Орусияда жашы жете электердин арасында гомосексуалдык «үгүт» жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам бар. Ошол эле убакта кумсалыктын өзү кылмыш деп саналбайт.

XS
SM
MD
LG