Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Жусуп Мамай менен коштошууга Кыргызстандан делегация жол тартууда


Манасчы Жусуп Мамай
Манасчы Жусуп Мамай
Бүгүн таң заарда Кытайда белгилүү манасчы Жусуп Мамай 96 жаш курагында көз жумду. Кытайдагы кыргыз тилдүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, анын сөөгү эртең кичи мекени Ак-Чийде жерге берилет. Жусуп таануучу Чолпон Субакожоеванын "Азаттыкка" билдиришинче, кыргыз өкмөтү атайын учак бөлүп, манасчынын тажиясына бүгүн Бишкектен атайын делегация жол тартууда.

Жусуп Мамай 1918-жылы ал кездеги Чыгыш Түркстан, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Ал "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айткан. "Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты Кытайда араб тамгасы менен басмадан чыккан. 30-майда манасчыга Кыргызстанда Эл баатыры деген жогорку наам берилген. (JCH/SE)

XS
SM
MD
LG