Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Кыргызстанда жол кырсыгы көбөйдү


Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык жол кайгуул кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын алгачкы төрт айында өлкө боюнча 1783 жол кырсыгы катталып, 283 адам каза тапса, быйыл ушул эле мезгилде 2024 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 254 адам мерт кеткен. Анын 24ү жаш балдар. Жол кайгуул кызматы кырсыктын көбөйүшүнө айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болгонун билдирүүдө.

Өткөн жума күнү Бишкек-Нарын жолунун 13-чакырымындгы кырсыктан 9 адам мерт кеткен эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG