Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Алайда жол тосуп тургандарга үч кылмыш иши козголду


Жол тосуп тургандар, Алай, 29-май, 2014.
Жол тосуп тургандар, Алай, 29-май, 2014.
Алай районунда Ош - Эркеч-Там жолун тосуп тургандарга "өзүм билемдик", "ээнбаштык" жана "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Буга жол тоскондор 31-майда сүйлөшүү үчүн барган ОИИБинин кызматкери Анатолий Жээнбаевге кол көтөрүп, сабап салышы себеп болду. Сабалган милиция кызматкери азыр ооруканада жатат, абалы орто.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кол салууга жол тоскондордун башында тургандардын бири Керим Сарбашев үгүттөгөн. Керим Сарбашев болсо "Азаттыкка" милицияга кол салуу болгонун четке кагып, келген милициялардын баарын жөн-жай эле кетирип жатышканын билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерине кол көтөрдү делгендердин аты-жөнү тактап, ишти териштирүүгө киришти.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 27-майдан бери аны үй камагына чыгаруу талабы менен Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат. (SM)

XS
SM
MD
LG