Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Обама Польшага келди


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама
АКШнын президенти Барак Обама Варшавага Европага багытталган төрт күндүк сапарынын башында келди. Кийин ал Бельгия менен Францияга бармакчы. Бүгүн ал Варшавада Польшанын президенти Бронислав Коморовский жана өкмөт башчысы Доналд Дуск менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Обама эртең Польшадагы тунгуч пост-коммунисттик шайлоонун 25 жылдыгын белгилөөгө келген чыгыш европалык лидерлер менен жолугат. Белгияда Обама Чоң Жетилтиктин башка жетекчилери менен Орусия газынан болгон көз карандысыздыкты жана бул өлкөгө карата украин кризиси боюнча кошумча санкция киргизүүнү талкуулайт. Обама Францияда Экинчи дүйнөлүк согушка АКШ, Канада, Британ күчтөрүнүн кошулушунун 70 жылдыгын белгилөөгө катышат. Бул мааракеге Орусиянын президенти Владимир Путиндин да келиши пландалган.

XS
SM
MD
LG