Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Машине базарда соода солгун


Бажы биримдигинин босогосунда турган Кыргызстандын автоунаа базарларында соода болбой, кардарлардын саны азайды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономика министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кулмамбетов билдирди. Анын айтымында, биримдикке киргенден кийин темир тулпар баалары 2-3 эсе кымбат болору анык болгону менен машине алууга ашыккандардын саны көбөйгөн жок. Азыр темир тулпарга болгон бажы төлөмүнүн эң жогорку көрсөткүчү транспорттун куб/метрине 1,5 доллар болсо, биримдиктин бажы төлөмү 5 евронун тегерегинде болот.

Автоунаа саткан ишкерлер да базарда баа 200-300 долларга чейин арзандаганын, Бажы биримдигинин эпкини келе электигин айтышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды каттоо департаментинин маалыматына таянсак, былтыркы жылдын алгачкы 3 айында өлкөгө 23500 унаа, быйылкы 3 айда 29 миңден ашык автомашине кирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG