Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

"Кудайберген" базарында дагы чыр чыкты


Чыр чыгышына ижара акысын төлөбөгөнү үчүн базардын бир катарындагы дүкөнчөлөр жабылышы себеп болгону айтылууда. Базар ээси Эльвира Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына: «Эки айдан бери карызын төлөбөгөндөрдүн контейнерлерин жапканбыз. Бүгүн эртең менен салык төлөгүсү келбеген жүздөй сатуучу буга нааразылык билдирип, 20 чакты кызматкериме каршы чыгышты ", - деп жазды. Ал жаалданган топ бир кызматкерин сабап салганын да кошумчалаган.

Ал эми "Кудайбергендеги" соодагерлердин бири жапырт мушташ болбогонун, майда чатактан эч ким олуттуу жабыр тартпаганын "Азаттыкка" билдирди. Ал милиция жана базардын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чогулгандарды таратканын, азыр кырдаал тынч экенин да айтты.

Бул базарда акыркы эки айдан бери нааразылыктар токтобой келет. Буга чейин соодагерлер ижара акысын көтөрүүгө каршы шаар бийлигине чейин даттанып, митингге да чыккан. Бирок ага карабай базар жетекчилиги өткөн айда ижара акысын жүз пайызга көтөргөн. (BK/SM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG