Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Өкмөт Барак эксклавына Өзбекстандан коридор сурайт


Барак айылы, 25-январь, 2013.
Барак айылы, 25-январь, 2013.
Кыргызстан Өзбекстандын курчоосунда калган Барак эксклавындагы элди өлкөнүн негизи аймагына көчүрүүдө. Мындан улам ээн калган жерди кошуна өлкө менен алмаштырууну демилге кылгандар да жок эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров "Азаттыкка" мындай сөздөрдү четке кагып, тескерисинче эксклавды өлкөнүн негизги аймагы менен кошуу үчүн Өзбекстандан коридор суралаарын айтты:

- Биз Баракты эч качан Өзбекстандын башка бир жерине айырбаштай албайбыз. Анткени Өзбекстан тескерисинче ал тилкеге кирип кеткен жер участокторун бизге компенсация кылышы керек. Ошондо эксклав биздин негизги аймак менен кошулуп калат. Ага чейин чек ара өткөрмөсүн ачуу талабын коюп жатабыз. Болбосо биз дагы алардын анклавдарынын жолун бууп коёбуз. Бул маселени биз создуктурбай чечүүгө милдеттүүбүз.

Өзбекстандын ичинде турган Барактын азыркы жалпы аянты 230 гектар. Оштун Кара-Суу районуна караган бул айылда мурда 253 кожолук жашаса, учурда 34 түтүн гана калган.

Барактыктардын көбү азыр Кара-Суунун Сары-Колот айылынан бөлүнгөн жерге жайгашууда. Өзбекстан соңку жылдарда чек ара өткөрмөсүн жаап салышы барактыктарды бир топ түйшүккө салды. Эксклавды өлкөнүн негизги аймагынан бир жарым чакырымдай гана аралык бөлүп турат. (KJ/SM)

XS
SM
MD
LG