Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Өкмөт Кумтөрдөгү өндүрүш токтобойт деген ойдо


Кумтөр алтын кени кечкисин, февраль, 2013.
Кумтөр алтын кени кечкисин, февраль, 2013.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн Кумтөрдөгү экологиялык талаптарга байланыштуу бир катар суроолору бар:

- Өкмөттүн Кумтөрдөгү экологиялык эрежелер боюнча суроолору бар. Мунун баарын учурда өкмөт карап жатат. Жакынкы эки-үч күндүн ичинде чечилип калат деген ниетте турабыз. Кумтөрдөгү өндүрүш токтобойт деп ойлойм.

Буга чейин "Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштетүү боюнча техникалык долбоор бекитпей жатканын билдирип, долбоор 13-июнга чейин бекитилбесе, кендеги ишти токтотоорун эскерткен болчу.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын тиешелүү органдары жыл сайын кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип турушу керек. Буга чейин өкмөт алдындагы Геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинен аталган техникалык долбоор учурда каралып жатканын кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG