Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Кытайда тогуз киши өлүм жазасына тартылды


Кытайда террорчулукка катышы бар деп айыпталган тогуз киши атууга өкүм кылынды. Дагы 72 киши ар түрдүү мөөнөткө камалды. Мамлекеттик маалымат каражаттары чечим Шиңжаң-Уйгур автоном райондук соту тарабынан бейшембиде уктурулганын жазышты.

Ошол күнү дагы 29 киши “сепаратисттик маанайда башаламандык уюштурду” деген шек менен кармалды.

22-май күнү Үрүмчидеги базарда жардыруу болуп 39 киши өлгөн, жүзгө жакыны жараат алган.

Бээжин башаламандыктарга Шиңжаңдагы уйгур тектүү мусулман коомчулугунун өкүлдөрүн күнөөлөп келет. Ал эми жарандык активисттер Кытай өкмөтү тарабынан уйгурларга болгон дискриминация түрдүү нааразылыктарга себеп болуп жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG