Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Монголияда Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду


Улан-Батор шаарында өткөн уландар арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков 55 килограмм салмакта бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев сүйүнчүлөдү.

Улукбек алгач түштүк кореялык Зеон Ким Гуканы 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда тайбейлик Цо Лью Чианы да артыкчылык менен 12 упай айырма менен утуп алды. Финалда ирандык Атринагарчи Резаны 15:1 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталуу менен адистердин жогорку баасына татыды.

Улукбек Жолдошбеков 2012-жыл Бишкекте өткөн өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында да биринчи орун ээлеп, алтын медаль тагынган. Былтыр Бакы шаарында өткөн Азербайжан күрөш федерациясынын кубогунда баш байгени утуп келген.

Монголиядагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык жаш балбандар 1 күмүш, 3 коло байге утуп, командалык эсепте Ирандан кийинки экинчи орунду камсыз кылды. Казакстан үчүнчү катарга турду. (КМа)

XS
SM
MD
LG