Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Кочкордо белгисиз жырткыч жаныбар пайда болду


Белгисиз жандыктар мүрзөлөрдү да казып жатканы айтылууда. (Сүрөттө: Кочкордогу эски күмбөздөр.)
Белгисиз жандыктар мүрзөлөрдү да казып жатканы айтылууда. (Сүрөттө: Кочкордогу эски күмбөздөр.)
Нарындын Кочкор районунда же чөөгө, же итке окшобогон белгисиз жырткыч жаныбар 13 кой-козуну жана 10 тоокту жеп кеткенин "Азаттыкка" аталган райондун акими Жылдызбек Шералиев билдирди. Анын айтымында, белгисиз мутанттын пайда болгонуна бир жума болду:

- Учурда тиешелүү органдар менен аталган жандыкка каршы чараларды көрүп жатабыз. Райондук ички иштер бөлүмү менен белгисиз жаныбардан төрттү аттык.

Аким мындай жырткыч жаныбарлар түнкүсүн короолорго кишидей кирип, үй жандыктарын кырып кетип жатканын, а түгүл мүрзөлөрдү да казып жатканы аныкталганын кошумчалады. Белгисиз жандыктын алдыңкы буттары кыска, арткылары узун келип, чөөгө окшошуп кетет. Башы мышыктыкындай. Ушундан улам эл арасында ал ит менен чөөнүн, же бөрү менен чөөнүн ортосунда пайда болгон бир жандык болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Маалыматтарга караганда, белгисиз жандыктар үйүрү менен жүрөт, так саны канча экени белгисиз.

Жергиликтүү бийлик аны өлтүргөндөргө беш миң сомдон сыйлык да жарыялады. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов мындай жырткыч жаныбарлар азырынча Кочкор айылында гана байкалганын, учурда мергенчилерге ок-дары бөлүнүп, аңдуу иштери башталганын билдирди.(TSh/UEz)

XS
SM
MD
LG