Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Маматалиев: Тажик тарап жол курулушуна кийлигишкен жок


Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу быйыл январдагы чатактан бери токтоп турат. Баткен, 12-январь, 2014
Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу быйыл январдагы чатактан бери токтоп турат. Баткен, 12-январь, 2014
Баткенде Тажикстандын айылдарына кирбей өтүүчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу үчүн 8-июнда келген техникалар белгисиз себептер менен чыгарылып, иш токтоп калганын "Азаттыкка" Ак-Сай айылынын тургундары кабарлашты. Жергиликтүү тургундар иш Тажикстандын таасирдүү адамдарынын кийлигишүүсүнөн улам токтоп калды деп боолгошот.

Бирок коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев "Азаттыкка" мындай божомолдорду четке какты:

- Азыр жолчулар Ак-Сай – Рават жолун куруп жатышат. Ал жакты бүтүргөндөн кийин гана Көк-Таш - Ак-Сай жолун курууну улантышат. Жол тажик тараптын кийлигишүүсү менен токтоп турат деген чындыкка коошпойт.

Сөз болуп жаткан Ак-Сай - Рават жолу Көк-Таш -Ак-Сай жолунун уландысы. Анын чек ара аймактарына тиешеси жок.

Маматалиев 16-июнга белгиленген Тажикстандын вице-премьер-министри Али Мардон баштаган өкмөттүк делегациянын иш сапары 18-июнга жылганын кошумчалады. Тажик тараптан келген өкүлдөр менен Баткенде жана Бишкекте чек ара, жол маселеси кеңири талкууланат.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары кагылыша кеткен. Андан кийин да эки ортодо бул жолго байланышкан чыр-чатак токтобой келди. 5 айдан бери жаңжалга себепчи болуп келген бул жолдун курулушу 12-13-май күндөрү Дүйшөмбү шаарында өткөн өкмөттүк деңгээлдеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө макулдашылып, курулуш жанданмай болгон. Бирок андан бери да иш жылган жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG