Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Таш-Көмүрдө ферроаллюминий заводунун курулушу башталды


Таш-Көмүр шаары
Таш-Көмүр шаары
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун жанына көмүрдүн калдыгынан өндүрүлүүчү ферроалюминий заводун куруу иштери кайрадан жанданды. Бүгүнкү иш-чарага өнөр жай жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Түштүк Корея, Казакстан, Германия мамлекеттеринен келген өкүлдөр катышты.

Кыргыз-феррокошундуу заводун куруу демилгеси 2007-жылы 11-июнда кыргыз-казак өкмөттөрү тарабынан келишилген меморандумдун алкагында кабыл алынган. 2011-жылы алгачкы курулуш иштери башталып, бирок каражат жетишсиздигинен токтоп калган.

Түштүк Кореянын "Поско" компаниясы куруп жаткан заводду Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Корея жана Германия биргеликте иштетет. Кийинки жылдын ушул мезгилинде заводдун алгачкы меши ишке кирип, жылына 12 миң тонна продукция өндүрүү жана 300гө жакын адам жумуш менен камсыз болоору мерчемделүүдө. Заводдун алгачкы курулушуна 25 млн. АКШ доллары каралып, аны толук бүтүрүү 2020-жылга белгиленген. (RsK)

XS
SM
MD
LG