Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

ЕККУнун өкүлү казак оппозициясынын лидери менен абакта жолугушту


ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Изабел Сантос 11-июнда Алматага жакын жердеги абакта жаткан Владимир Козлов менен жолукту. Казакстандын оппозициялык катталбаган “Алга” партиясынын лидери Козлов Жаңы-Өзөн окуясына байланыштуу айыпталып, жети жарым жылга кесилген.

Сантос казак чиновниктери менен жолугушууда Астана адам укуктары жана демократия боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин толук аткарууга тийиш деп билдирген. Укук коргоочулар жана Батыш Козловдун даттануусун колдоп, ага козголгон иштер оппозициянын оозун басуу үчүн жасалганын белгилешүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG