Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Түркмөнстандын тамекиге каршы күрөшү жогору бааланды


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун чылым чегүүгө каршы күрөшүнө баа берди. Уюмдун генералдык директору Маргарт Чен 11-июнда Ашхабадда түркмөн президентине атайын медал тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Түркмөнстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп тамеки чегүүгө каршы күрөш баштаган. Өкмөт 2000-жылы коомдук жайларда чылым чегүүгө жогору айып пул салган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Түркмөнстанда бир куту тамекинин баасы 5-6 доллар турат.

XS
SM
MD
LG