Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Быйыл ажылыкка барууну каалагандар 8 миңден ашты


Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, Медина шаары, 3-октябрь, 2013.
Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, Медина шаары, 3-октябрь, 2013.
Ажылык үчүн каттоо аяктаганын “Азаттыкка” ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы, муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди. Анын айтымында, бир айга созулган каттоо кечээ, 12-июнда аяктады. Быйыл ажылык зыяратка өлкө боюнча 8 миңден ашык адам катталды. Ал эми Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн. Мындан улам каттоодон өткөн адамдар чүчүкулак жолу менен тандалмакчы. Зыяратчылар сентябрь айынан тарта Мекеге жөнөй баштайт.

Мындан сырткары ажылыкка барууна каалагандар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Муфтият ажылык сапарга пара берип барган туура эместигин жана ал адамдын ажылыгы кабыл болбой турганын эскертти. Буга чейинки жылдарда ажылык зыяраты чыр менен коштолуп, коррупциялык иштерге жол берилгени айтылып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG