Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Чек ара чатагынан жабыркагандарга эч кандай жардам болгон эмес


Чек арадагы чатактан жабыркагандарга тез жардам келди. Баткен облусу, 7-май, 2014.
Чек арадагы чатактан жабыркагандарга тез жардам келди. Баткен облусу, 7-май, 2014.
7-майдын кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркагандарга мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" чатактан жабыркаган Улукбек Кенжеев менен Жапар Эрмеков өздөрү да тастыкташты. Ал күнкү тополоңдо Улукбек Кенжеевге ок тийсе, Жапар Эрмеков башына катуу токмок жеген. Экөө тең Бишкекте бир айдай ооруканада өз эсебинен дарыланышты. Баткенден Бишкекке чейинки жол кирени да өздөрү төлөп келип кеткен. Улукбек Кенжеев алар бул боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылган соң гана жергиликтүү бийликтер жардам берүүнү убада кылып жатканын кошумчалады.

Чек ара чатагында жабыркагандарга эч кандай материалдык жардам көрсөтүлбөгөнүн "Азаттыкка" Баткен райондук акимчилигинен да тастыкташты. Саламаттыкты сактоо министрлиги 7-майдагы окуядан кыргыз тараптан 17 адам жабыркаганын маалымдаган. Алардын тогузу ооруканага жаткырылып, азыр баары үйлөрүнө чыкканын райондук бийликтен билдиришти.

Быйыл 7-майдын кечинде Баткендин чек арадагы Жака-Өрүк деген жеринде кыргыз-тажик жарандары ортосунда чыр чыгып, чоң жаңжалга айланып кете жаздаган.(JsA/SM)

XS
SM
MD
LG