Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Киевде Орусия элчилиги астында акция уланууда


Ukraine - Embassy of action, Kyiv, 14Jun2014
Ukraine - Embassy of action, Kyiv, 14Jun2014
Орусиянын Киевдеги элчилиги астында чогулган демонстранттар Украинанын чыгышында Москванын аракеттерин айыптап, дипломатиялык номурлары бар бир нече машинени оодарып, имаратка сыр чачышты. Кечке маал имарат тарапка таш урулганы маалымдалды.

Кабарчылар ал жерде айрым экстремисттик топтор да чогулганын, акцияга келгендер "Кремль, Украинадан колунду тарт!", "Путин менен жолугушууга жол жок!" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап турушканын айтышат.

Кечке маал Москвадагы Украина элчилигинин жанына 200го чукул киши чогулуп, Киевдеги элчиликтин астындагы акцияны айыпташты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Улуттар уюмун Киевдеги элчиликке кол салууну айыптоого чакырды. Украинанын президенти Петро Порошенко ишембиде 49 аскер курман болгон аскердик-траспорттук самолетту атып кыйраткан орусиячыл жикчилер айныксыз жазасын алышат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG