Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Президент Ошту суюлтулган газ менен камсыздоону тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарын суюлтулган газ менен камсыз кылуунун жаңы жолдорун караштыруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкө башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, “Кыргызгазпром” ишканасы учурда бул тапшырманы аткаруу үчүн иштеп баштады. Адистер Оштогу керектөөчүлөргө суюлтулган газ жеткирип берүү жолдорун изилдеп жатат. Президенттин тапшырмасына ылайык, аталган долбоор ушул жуманын аягына чейин даярдалып бүтүшү керек.

Ош шаары эки айдан бери көгүлтүр отунсуз отурат. Себеби "Кыргызгазды" өкмөт Орусияга бир долларга сатып жибергенден кийин Өзбекстандын "Узтрансгаз" ишканасы газ берүүнү токтотуп койгон.

Кыргыз өкмөтү газ маселесин чечүү боюнча өзбек бийлиги сөзгө келбей жатканын билдирүүдө. Кечээ болсо кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Өзбекстан өлкөнүн түштүк аймагына газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Сох эксклавына коридор ачуу жана Нарын дарыясында курулуп жаткан ГЭСтер боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап калганын айтып чыгышкан.

Андан соң президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүк аймагындагы абоненттерди жаратылыш газынан суюлтулган газга өткөрүүнү сунуштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG