Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Шинжаңда антитеррордук күрөшкө активдүү катышкандар сыйланды


Шинжаң уйгур автоном аймагынын өкмөтү шаршембиде өзгөчөлөнгөн тургундарга Ардак грамота, медал менен сыйлыктарды тапшырды. Алар кайратман аракеттери үчүн өкмөттүн атайын алкышына татышты. Июнь айынын ортосунда Хотан шаарында шахмат, карта ойной турган жайга балта көтөргөн үч киши чабуул койгон. Чукул жердеги дүкөндө иштегендер коңшуларын коргоо үчүн чабуулчулар менен кармашкан. Ошол жерде чабуул койгондордун экөө өлтүрүлгөн.

Шинжаңда өтүп жаткан антитеррордук өнөктүктө аймакта жашаган бардык этностук топтор терроризмге түп тамырынан бери каршы экенин билдиришет. Алардын кайратмандыгы Кытай элинин күчтүү эркинин белгиси деп билдирет аймактык өкмөт.

XS
SM
MD
LG