Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Орусия Кыргызстанда нанотехнология өнүктүрүүнү каржылайт


Кыргызстанда нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзүлөт. Аны каржылоо жагын өзүнө Орусия алды. Бул тууралуу макулдашууга бүгүн Москвада кыргыз өкмөтү, Орусиянын «Роснано» ишканасы менен Инфраструктуралык, билим берүү программалар фондунун өкүлдөрү кол койду. Орус тарап бул жаатта билими мыкты кыргызстандык адистерди колдоп, окутууну убада кылды.

Макулдашууга Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Валерий Диль кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Диль «Роснано» ишканасынын башчысы Анатолий Чубайс менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

2007-жылы кыргыз өкмөтүнүн токтому менен нанотехнологияларды өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Бул багытта негизги иш алып баруучу деп Кыргыз-Орус Славян жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети аталган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG