Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Ирактын Байжи шаарында кармаш уланууда


Ирактын коопсуздук күчтөрү Байжидеги мунай иштетүүчү заводду өз көзөмөлүнө алса дагы шаарда өкмөттүк күчтөр менен «Ирак жана Леванттагы ислам кыймылы» радикалдык тобунун куралдуу кармашы уланууда. Бул тууралуу Ирактын өкмөтү билдирет. Ал эми «ал-Арабия» телеканалы көрсөткөн видеодо заводдун үстүнөн кара түтүн булап, исламчылардын кара желеги илинип турганы көрүнөт. Байжи Багдаддан түндүктү карай 200 чакырым алыс жайгашкан шаар.

Ирак өкмөтү өлкөнүн түндүгүнүн бир топ жерин басып алган экстремисттердин базаларына абадан сокку урууну өтүнүп АКШга кечээ кайрылган, азырынча Вашингтон буга жооп бере элек.

АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери Митч МакКоннелл Иракта аскерий операция өткөрүү үчүн президент Обамага Конгресстин макулдугунун зарылчылыгы жоктугун кечээ айтты.

XS
SM
MD
LG