Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Түркия Иракта абадан сокку урууга тынчсызданат


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган Иракта радикал исламчыларга абадан сокку уруу көптөгөн карапайым адамдардын өмүрүн алышы мүмкүн деп айтты.

Ирактын тышкы иштер министри Зебари 18-июнда Багдад АКШга кайрылып, соңку апталарда өлкө түндүгүндө ири шаарларды басып алган “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” (ИЛИМ) радикал тобуна каршы абадан сокку урууну өтүнгөнүн билдирген. Азырынча Вашингтон буга жооп бере элек.

Премьер Эрдоган бүгүн Анкарада туруп, ИЛИМ “карапайым кишилер” менен аралаш болгондуктан, абадан сокку уруу жөнөкөй адамдардын өмүрүн алаарын айтты. Ал ошондой эле америкалык саясатчылардын соңку билдирүүлөрү Вашингтон “мындай чабуулдарды жактырбай турганын” көрсөтөт деп кошумчалады.

АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери Митч МакКоннелл Иракта аскерий операция өткөрүү үчүн президент Обамага Конгресстин макулдугунун зарылчылыгы жоктугун кечээ айткан.

XS
SM
MD
LG