Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

АКШда илимпоздор күйдүргү жуктуруп алды деп шектелүүдө


АКШнын Атлантадагы өкмөттүк лабораториясында иштеген 75 чакты илимпоз күйдүргүнүн бактериясын жуктуруп алган деп шектелүүдө. Оорулардын алдын алуу боюнча медициналык борбордун маалыматына ылайык, окуя бактериянын үлгүлөрү жакшы корголгон жайдан жөнөкөй лабораторияга которулганда болгон.

Илдетти жуктуруп алуу тобокелдиги төмөн болгону менен алар догдурлардын көзөмөлүнө алынды жана профилактика максатында антибиотик иче башташты.

2001-жылы белгисиз бирөө күйдүргүнүн кымындай бөлүктөрүн кат менен жөнөтүп, 5 киши каза тапкан, 17 киши ооруп калган. Федералдык иликтөө бюросу ал кылмыш үчүн өкмөттүк мекемеде иштеген окумуштуу Брюс Ивинсти күнөөлөгөн. Ал кийин өз жанын өзү кыйган.

XS
SM
MD
LG