Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Чүйдө айдоочу төрт адамдын өлүмүнө айыптуу болууда


Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын себебин иликтөөдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн кабарлашкандай, 17-июнда 25 жаштагы айдоочу «Mazda 626» жеңил машинасы менен кетип баратып жолду өтүп жаткан 40-45 жаштагы кишини коюп кеткен. Ким экени али күнчө такталбай жаткан ал адам ошол замат каза болгон.

Кырсык болгон жерден качкан айдоочу ары баратып жол боюнда турган дагы үч кишини сүзгөн. Алар да алган жараатынан мерт кеткен.

Алгачкы наркологиялык экспертиза айдоочунун канынан алкогол табылган жок деген бүтүм чыгарган. Азыр маңзат экспертизасы жүрүп жатат. Айыпталуучу жаран милициянын убактылуу кармоочу жайында. (RK)

XS
SM
MD
LG