Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Шиңжанда полиция тилкесине кол салынды


Шиңжан-Уйгур автоном районундагы полиция тилкесине чабуулдан 13 адам мерт болду. “Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда, чабуул бүгүн эртең менен болгон.

Автономдук райондун администрациясынын сайтындагы маалыматка караганда кол салгандар “бир же бир нече автоунаа” менен полиция имаратын сүздүрүшкөн. Андан кийин жарылуу катталган.

Өткөн айда эле Шиңжандын административдик борбору Үрүмчүнүн базарындагы жардыруудан 43 адам набыт болгон эле.

Аймактагы толкундоолор жана башаламандыктар жергиликтүү мусулман-уйгурлардын автономиянын макамын жогорулатуу боюнча талабы менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG