Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Жер астындагы суу – океандардан үч эсе көп


Жер кыртышынын астында планетадагы океандардан үч эсе көп суу бар.

Жер кыртышынын астында планетадагы океандардан үч эсе көп суу бар.

Дүйнөдө роботторду иштетүү боюнча Кытай алдыңкы орунга озуп чыгары күтүлүүдө. Адамдар жасаган ишти роботтор аткарганы кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Америкалык окумуштуулар жер астындагы суулардын жалпы көлөмү планетадагы океандардан үч эсе көп экендигин ырасташты.

Америкадагы Түндүк-батыш жана Нью-Мексико университеттеринин окумуштуулары жер астында суунун ири запасы болушу мүмкүн деген тыянакка келишти. Мындай илимий жыйынтык 13-июнда Science журналында жарык көрдү. Бул ачылыштын көмөгү менен окумуштуулар жер астындагы суунун көлөмүн жана мантияны иликтегенге аттанышат.

Жер астындагы суу – Жердин мантиясында жана анын көлөмү планетадагы океандардан үч эсе көп. Геофизик Стив Жейкобсен жана сейсмолог Брэндон Шмандт жер кыртышынын астындагы суу 644 чакырым тереңдикте болушу мүмкүн деген гипотезаны ортого салышты. Жер үстүндөгү суулар ал тереңдикке тектоникалык плиталардын кыймылы аркылуу жетет.

Атырылган жанар тоолор, зилзала жана кайнар булактар – Жер планетасынын ички катмарында эмне болуп турганынан кабар берет. Бирок ал геологиялык кубулуштар Жердин ичинде кандай өзгөрүүлөр болуп турганын баамдоо үчүн жетишсиз. Жер астында мухиттер бар деген теория көптөн бери айтылып келген.
Жердин ички түзүлүшү.

Жердин ички түзүлүшү.


Геологдор көптөн бери мантияда сууга толгон өткөөл аймак Жер кыртышынын 402-чакырымынан 660-чакырымына чейинки тереңдикте жатат деген гипотезаны карманып келишкен. Жейкобсен жана Шмандт зилзаланын сейсмикалык тереңдигин аныкташып, ушундай бүтүмгө келишкен. Жерден 644 чакырым тереңдиктеги мантия суутеги бар таштарды эритет. Мурда андай таштар 80 чакырым тереңдикте эрийт деп айтылып жүргөн.

Жердин кыртышынын астындагы суу – адатта биз билгендей, суюк, муз же буу түрүндө эмес. Ал суу – мантия таштарынан турган минералдардын ичинде молекула абалында сакталат. Март айында Канаданын Альберта университетинин окумуштуулары жердин төмөнкү мантиясында, же орто эсеп менен 540 чакырым тереңдикте күрөң түстөгү риңвудайт деген минералды табышкан. Риңвудайттын (ringwoodite) 1.5% суу, калганы (Mg, Fe2+)2(SiO4) сыяктуу металлдардын бирикмелеринен турат.

Риңвудайт – перидот минералынын бир түрү жана мурда космостон түшкөн метеориттерде гана аныкталган. Бул минерал Бразилиянын Мато Гроссо аймагында табылган. Риңвудайт жанар тоо атылганда жер үстүнө чыккан. Бул минералды окумуштуулар акыркы 50 жылдан бери издеп жүрүшкөн. Риңвудайттын өзгөчөлүгү – ал айланасындагы суутекти өзүнө сиңирип алат.

Роботтошууга секирик жасаган Кытай

Кытайдын роботторго болгон талабы болуп көрбөгөндөй өстү. Роботтордун саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган Кытай быйыл атаандаштары Түштүк Корея жана Жапониядан озуп чыгат. Бул тууралуу Эл аралык робототехника федерациясы кабарлады.

Акыркы сегиз жылда Кытайдагы роботтордун саны төрт эсеге өскөн жана барган сайын өсө бермекчи. Робототехниканын 50 жылдык тарыхында кыска убакытта мындай тез өсүү эч бир өлкөдө болгон эмес. Быйыл Кытайда ишке салынган жаңы роботтордун саны 22 миңден 32 миңге жетээри күтүлүүдө.
Машине курууда роботтор кеңири колдонулат.

Машине курууда роботтор кеңири колдонулат.


Адамдардын ордуна роботторду иштетүүнүн артыкчылыктары кытайлык өндүрүш ишканалары үчүн өтө маанилүү. Албетте, роботторду сатып алуу кымбат. Бирок роботтор татаал тапшырмаларды кылдаттык менен аткара алат. Роботтор эс алуусуз, уйкусуз, тамак-ашсыз, үй-жайсыз жана маянасыз иштей беришет. Роботтор адамдар өңдүү ооруп калбайт жана нааразылык билдирбейт.

Кытай өкмөтү жыл сайын жумушчулардын маянасын 13% көбөйтүүнү караган маалда, ири завод-фабрикалар өндүрүштөрүн автоматташтыра башташты. Кытайдын роботторго болгон талабы кескин өскөнүнөн, Тайванда жылына адаттагыдай 10 миң эмес, бир миллион робот чыгарыла баштады.

Кытай роботторду көп колдонгон өлкө болгону менен, өзү дээрлик робот жасабайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG