Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

2015-жылга чейин шайлоочулар тизмесинен маркумдар чыгарылат


2015-жылга чейин Кыргызстандын шайлоочулар тизмесинен көзү өткөн адамдар толугу менен чыгарылат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын эксперти Аманкул Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, БШК “Интербилим” борбору менен бирге шайлоочулардын тизмеси Бишкетин 4 районунда жана Ошто, Кара-Суу районунда, Чүйдүн Сокулук районунда такталып жатат.

- Көзү өткөн кишилердин тизмеде жүргөнү боюнча көптөгөн фактылар катталууда. Көп учурда кыргыздар адам өлгөндөн кийин аны каттоо кызматынын тизмесинен чыгарбайт. Ошол бойдон өлгөн адамдар шайлоочулардын катарында жүрө берет экен. Жергиликтүү органдар каттоо кызматына маалымат берсе деле тизме жаңыртылбай калган учурлар да катталууда, - деди Молдалиев.

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик, ал эми 2017-жылы президенттик шайлоо өтөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG