Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Келдибековдун ишин Биринчи Май райондук соту карайт


Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Муну менен катар Келдибековду үй камагына чыгарууну өтүнгөн Жогорку Кеңештин токтому да аталган сотко жөнөтүлдү. Эми ишти караган судья соттук жараяндын датасын аныктайт. Келдибековду тергөө абагында кармоо мөөнөтү бүгүн аягына чыгат.

Башкы прокуратура Келдибековго Социалдык фондду, Салык кызматын жана Жогорку Кеңешти жетектеп турганда мамлекетке ири суммада зыян келтирген деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча айып таккан.

Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Аны үй камагына чыгаруу талабы менен тарапкерлери 27-майдан 20-июнга чейин Ош – Эркеч-Там жолун бууп турушкан. Азыр алар акциясын жол боюнда улантып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG