Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Украина, Грузия, Молдова ЕБ менен саясый-экономикалык келишим түздү


Украина, Грузия, Молдова Евробиримдик менен маанилүү саясый-экономикалык келишимдерге кол коюшту. Бул документтер Украинанын Биримдик менен экономикалык кызматташтыгын чыңдоого, ал эми Грузия жана Молдованын саясый карым-катнашты бекемдөөсүнө өбөлгө түзөт.

27-июнда кол коюлган келишимдер постсоветтик үч өлкөнү Батыш менен жакындатып, Орусиядан оолактатат.

Брюсселдеги салтанатта сүйлөгөн Еврокеңештин төрагасы Херман Ван Ромпей жана Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу кол коюлган документтер Орусияга багытталбаганын баса белгилешти.

Украинанын мурдакы президенти Виктор Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тартуусу Киевде евромайданчыларды нааразылык акцияларына чыгарып, февралда Януковичти бийликтен кетирүү менен аяктаган.

“Украина Европа кыялы чындыкка айлануу үчүн акыркы айларда мүмкүн болгон кымбат бааны төлөдү”, - деди украин президенти Петро Порошенко.

XS
SM
MD
LG