Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Тажикстанга жаңжалдагы чыгымды төлөө талабы эскертилди


Бул маселе Баткендин Жеке-Өрүк айылында кыргыз жана тажик күч органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда көтөрүлдү. Ага Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Искандар Ражапов баштаган өкүлдөр катышты. Анда кыргыз тарап 7-майдагы жаңжалда келтирилген чыгымды төлөп, күнөөлүүлөрдү жазалоо маселесин көтөрдү. Тажик тарап бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

7-майда Тажикстан менен чектеш Жеке-Өрүк деген жерде кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы жаңжалда кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки автомашина өрттөлүп, жалпы келтирилген чыгым 9 миллион сом деп эсептелген.

Жаңжалдан кийин тажик тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болуп, ага 15 күндүк мөөнөт сураган. Бирок андан бери 2 айга жакын убакыт өтсө да чыгым төлөнүп бериле элек. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG