Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

УКМК: Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү пара менен кармалды


Чүйдүн Жайыл районунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү пара алып жаткан учурда кармалды. Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн бүгүн кабарлашкандай, мекеменин эки кызматкери жергиликтүү тургундун соттолгондугу тууралуу маалыматты жок кылуу үчүн 300 АКШ долларын сурашкан. Алар 8000 сом алып жаткан учурда колго түшкөн. Тергөө уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG