Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Казакстанда Гитлерди жазган редактор айып төлөйт


«Жылдыздар От башы - Аңыз адам» деген аталыштагы таанымал адамдар тууралуу жазган журналдын редактору Жарылкап Калыбайды Алматы соту Экинчи Дүйнөлүк согуштун 13 катышуучусунун аброюна шек келтирди деп тапты. Соттун өкүмү менен редактор арыздануучулардын ар бирине бир миллион теңгеден төлөп бериши керек.

Журналдын апрел айындагы санында Гитлердин сүрөттөрү жана анын шериктери менен досторунун эскерүүлөрү чыккан эле. 52 беттен турган журналда Гитлердин «Майн Кампф» китебинен да үзүндүлөр болгон. Арыздануучулар Калыбайды «фашизмди даңазалайт» деп ай башында сотко беришкен.

Калыбай сот чечимин апелляцияга бергени жатат. Ага май айында журналдын акыркы сандарын кайсы басмаканадан чыгарганын айтпай койгону үчүн сот 1200 доллар айып салган.

XS
SM
MD
LG