Өткөн жуманын соңунда башталып, 2-июлга чейин Азербайжан борбору Баку шаарында боло турган сессияга Жогорку Кеңеш депутаты Роза Акназарова баштаган делегация катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 23-сессиясы “Экстремизм, радикализм жана ксенофобиянын өсүшү ЕККУ үчүн чакырык” деген темада өтүүдө. Кыргыз парламенттик делегациясынын курамындагы Өмүрбек Текебаев, Анвар Артыков, Улукбек Кочкоров, Чыныбай Турсунбековдор Ассамблеянын комитеттеринин жыйындарына катышты. (AiT)