Баткендеги проблемаларды чечүү талабы менен Бишкекте акцияга чыккан жаштар тобун милиция кармап кетти. Алар бүгүн журналисттерге маалымат жыйын куруу үчүн Маданият министрлигинин жанындагы Исхак Раззаковдун айкелинин алдына топтолгон болчу. Президентке тартуу кылуу максатында өздөрү менен кошо “Шералынын чокоюн” жана “Алмазбек Атамбаевге Баткендин элинен” деген жазуусу бар кутучаны ала келишкен. Милициядан кабарлашкандай, кутунун жана чокойдун ичинде чөп-чар менен бир сомдук купюрадагы акча болгон.
Иш-чарага Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, Айбек Мырза, Мелис Аспеков сыяктуу беш-алты активист чыккан.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алар учурда Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө тушүндүрмө берип жатканын билдирди. (AiA\SE)