Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Кабылда бомбадан сегиз офицер курман болду


2-июлда Кабылда жанкечти жардырган бомбадан кеминде сегиз офицер курман болду. 13 офицер жараат алды. Ооган полициясынын маалымдашынча, бомбаны жанкечти аскерлерди тартчу автобустун жанында жардырган. Жанкечтинин чабуулунан дагы беш жаран жапа чеккени кабарланды. Кандуу булоонду талиптер уюштурганын Твиттерде согушкерлер маалымдашты. Мыкты кайтарылган Кабыл университетине чукул көчөдө болгон жардыруу мусулмандардын ыйык Рамазан айында Ооганстанда болгон биринчи куралдуу калаба.

Кол салуу Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча чатак курчуп турган кезде жасалды. Жаңжал өлкөнү бөлүнүүгө алып барышы ыктымал экенин, бирок келерки жумаларда туңгуюктан жол табылат деп ишенерин АКШ Мамдепартаментинин Ооганстан жана Пакистандагы атайын чабарманы Жэймс Доббинс билдирди. Доббинс августта кызматынан кетет. 72 жаштагы карыя дипломаттын ордуна анын орун басары Даниэл Фелдман барат.

XS
SM
MD
LG