Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Токмокто мыйзамсыз иштеп жүргөн кытайлыктар өлкөдөн чыгарылды


Токмок шаарындагы мунай иштетүүчү заводдо 30-июнь күнү болгон нааразылык акциясы боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө кытайлык 39 киши Кыргызстандын аймагында керектүү документсиз иштеп жүргөнү аныкталды. Алардын баары өлкө аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Дүйшөмбү күнү заводдо айлык акынын кечиктирилип жаткандыгына байланыштуу жумушчулар нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Милициянын маалыматына ылайык, митингге чыккандардын баары Кытай жарандары. Алар колуна арматура алып, ишканага эч кимди киргизбей койгон. Завод директорунун арызы менен милиция кызматкерлери барып, абалды жайгаруу үчүн асманга ок чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG