Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Украинада армия жетекчилиги алмашты


Өкмөттүк аскерлер аскерий операциясын Донецк облусунун түндүгүндө улантуу үчүн жылышууда, 3-июль, 2014
Өкмөттүк аскерлер аскерий операциясын Донецк облусунун түндүгүндө улантуу үчүн жылышууда, 3-июль, 2014

Украинада өкмөттүк аскерлер өлкө чыгышында орусиячыл сепаратисттерге каршы чабуулдарын улантып жаткан чакта президент Петро Порошенко армиядагы жетекчиликти алмаштырды. Бүгүн орус-украин чек арасында атышуу болуп, Орусиянын өткөрүү пункту аткыланды. Элдешүү келишими 30-июнда аяктаган. Жаңы келишим керектигин Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери шаршембиде Берлинде өткөн жыйында белгилеп, талкууну 5-июлга калбай баштоо керек дешти.

Ал арада президент Петро Порошенко генерал-полковник Валерий Гелетей жаңы коргоо министри болуп дайындалганын жарыялады. Ал эми генерал-лейтенант Виктор Муженкону Генштабдын башчылыгына дайындады. Президенттин дайындоолор боюнча сунушун парламент колдоду.

XS
SM
MD
LG