Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Чолпон-Атадагы ат майданы чоңойтулат


Сентябрда өтчү Көчмөндөр оюнуна карата Чолпон-Атадагы ат майданы кеңейтилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, учурда 800 орундуу атмайдан 7000 орунга кеңейтилмекчи. Кеңейтүү иштери 10-июлда башталат. Ал үчүн бюджеттен 51 миллион сом бөлүндү.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюну сентябрь айынын биринчи жарымында Чолпон-Атада өткөрүлөт. Ага Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн спортчулары катышат. Анда көкбөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай оюндары боюнча мелдеш болот.(BkA)

XS
SM
MD
LG