Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

ЖОЖдорго кабыл алуу башталганы турат


8-июлдан тарта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда кабыл алуу өнөктүгү башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, 8-13-июлда кабыл алуунун биринчи туру, 15-июлдан 20-июлга чейин экинчи туру өтөт. Бул күндөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер андагы жыйынтык талондорун окуу жайларга тапшырат. Быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, университеттерде акысыз билим алуу үчүн эң төмөнкү балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 50 миңге жакын мектеп бүтүрүүчүсү катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG