Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Жолдогу паракорлук боюнча кызматтык иликтөө башталды


Бишкек-Каракол жолундагы жол кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев билдирди. Ал иликтөөнүн жыйынтыгы менен айдоочудан пара талап кылган инспектордун күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын убада кылды. Ошол эле учурда Керимбаев айдоочу да мас абалында болгонун айтып, ал дагы жазага тартыларын эскертти.

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин 30га чукул студенти Бишкектеги Республикалык жол кайгуул кызматынын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн. Студенттердин айтымында, алар Ысык-Көлгө эс алууга баратышкан. Жолдо студенттер түшкөн унааны жол кайгуул кызматкери токтотуп, айдоочудан 10 миң сом пара талап кылган. Студенттер бул окуяны териштирип, пара талап кылган кызматкерди жоопко тартууга чакырышты.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG