Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Дүйнө лидерлери Шеварднадзенин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алышты


Эдуард Шеварднадзе, Тбилиси, 4-сентябрь, 2009.
Эдуард Шеварднадзе, Тбилиси, 4-сентябрь, 2009.

Узакка созулган оорудан 86 жашында бүгүн каза болгон СССРдин мурдагы тышкы иштер министри, Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе жөнүндө дүйнө лидерлери түрдүү ойлорун билдирип жатышат. Орусиянын президенти Владимир Путин грузин элине “терең кайгыруу” билдирди. СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев болсо Шеварднадзени “эң мыкты таланттардын ээси” деп атап, “глобалдык жаңы түзүлүштүн зор колдоочусу эле” деди.

Шеварднадзе эл аралык деңгээлде 1985-жылы Горбачев аны СССРдин тышкы иштер министрлигине дайындагандан кийин тааныла баштаган. Ал Михаил Горбачевдун кайра куруу жана эл аралык чыңалууну жөндөө саясатындагы башкы санаалаштарынын бири болду. Грузиянын президенти катары Шеварднадзе эки ирет – 1995-жылдын ноябрында жана 2000-жылдын апрелинде шайланган. 2003-жылкы парламенттик шайлоодон кийин “Роза ыңкылабынын” жыйынтыгында ал президенттик кызматтан кеткенге мажбур болгон эле.

Кызматтан кеткенден кийин Шеварднадзе “Азаттыктын” грузин редакциясына эксклюзив маегинде: "Мамлекетти башкаруу оңой иш эмес, бул – искусство, илим. Ар кимдин эле колунан келбейт. Мен президент катары өтө баалуу тажрыйба алдым, бирок аны эң сонун башкардым десем, туура эмес болуп калмак", - деген эле.

Мамлекет башчы болуп турганда Эдуард Шеварднадзенин өмүрүнө үч ирет кол салуу болгон.

XS
SM
MD
LG