Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Экологдор Арстанбап жаңгак токоюн сактоо зарылдыгын эскертишүүдө


Жалал-Абадда экологдор Арстанбаптагы жаңгак токойун сактоо зарылдыгын өкмөткө эскертип, натыйжалуу кадамдарды баштоо зарылдыгын белгилешүүдө. Соңку жылдары аймакта жаңгакты отун кылуу максатында кыйуу күч алды. Абал ушундай уланса, 40 жылдан соң токой жоголуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Лесик-Түштүк” экологиялык уюмунун эксперти Нурмамат Сапарбаев билдирди.

Токойдун кыйрашы 10 жыл мурда – чет элдик ишкерлер жаңгактын уюлун кымбат баада сатып ала баштаган учурда күч алган. Азыр уюл сатуу токтогон. Бирок жашоочулар эки-үч эсе көбөйүп, кышка отун камдоодо алар үчүн токой негизги булак болуп жатат.

2012-жылы өкмөттүн буйругу менен Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын базасында Дашман коругу түзүлгөн.

Учурда Арстанбап токой чарбасынын айланасында 20 миңге чукул адам жашайт. 1980-жылы 3 000 жаран болгон. 2009-жылы германиялык студенттер өткөргөн изилдөөдө жазылгандай, арстанбаптык ар бир үй-бүлө жылына 15-20 чарчы метр отунду токойдон алып жагат.

Аймактагы 19 миң гектар токойдун 4 500 гектарын жаңгактар ээлейт. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG